Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Базар-Коргондо көчкүдөн улам 400дөн ашуун үй-бүлө көчүрүлдү


Көчкү түшкөн жер.
Көчкү түшкөн жер.

Базар-Коргондун Коргон-Жар айылында жер көчкү дарыяны бөгөп, суу ташуу коркунучунан улам 414 үй-бүлө убактылуу башка жакка көчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчиси Абдишарип Бекилов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, 6-апрелде түнкүсүн көлөмү 750 миң куб метр жер көчүп, Кара-Үңкүр дарыясына түшкөн.

Топурак дарыяны бөгөп, 1 млн кубдан ашык суу топтолгон жана төмөн жактагы 1600дөн ашуун турак-жайга коркунуч жаралган. Кийинчерээк суу өз нугуна түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов көчкү болгон аймакка келип, абалды көрдү.

Андан тышкары, Базар-Коргон районундагы Кеңеш, Бешик-Жон, Сейдикум, Базар-Коргон айыл өкмөттөрүндөгү, Ноокен районунун Сакалды, Арал айыл аймактарындагы дарыя жээгинде жашаган тургундарга тынч жакка көчүү тууралуу эскертүү берилди.

5-апрелде да Ош, Жалал-Абад облустарында бир канча көчкү жүргөн. Адам өмүрүнө зыян болгон жок.

Жаан-чачынга байланыштуу ушул күндөрү көчкү коркунучу жогору экенин адистер эскертип жатышат. (RsK\SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG