Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Өзгөн районунда дагы жер көчтү


7-апрелде райондун Ничке-Сай айылынын Тилеке-Сарай участкасында эки турак жайды көчкү басып калган.
7-апрелде райондун Ничке-Сай айылынын Тилеке-Сарай участкасында эки турак жайды көчкү басып калган.

Ийри-Суу айыл аймагынын Жаңгакты айылында 8-апрелде жер көчтү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, көчкү турак жайларга 100 метр жетпей токтогон. Жабыркагандар жок.

7-апрелде райондун Ничке-Сай айылынын Тилеке-Сарай участкасында эки турак жайды көчкү басып калган. Бул үйлөрдүн ээлерине 6-апрелде айыл өкмөт эскертүү берип, алар туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн.

26-марттын таңында Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчүп, алты адамдан турган бир үй-бүлөнү басып калган эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG