Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Ооганстанда коопсуздук күчтөрүнүн 13 өкүлү мерт болду


Балх провинциясында Талибандын согушкерлери тынчтык жараянга кошулган учур. 1-апрель, 2017-жыл.
Балх провинциясында Талибандын согушкерлери тынчтык жараянга кошулган учур. 1-апрель, 2017-жыл.

Өлкөнүн түндүгүндөгү Балх провинциясында ооган аскерлеринин тогузу жол боюна көмүлгөн бомбанын жарылуусунан каза таап, дагы бир нечеси жаракат алды.

Жергиликтүү бийликтер билдиргендей, окуя Талибанга каршы операция учурунда болду.

Талиптер тараптан да беш согушкер жок кылынып, ондогондору жаракат алган.

Мунун алдында, 8-апрель күнү Балх провинциясына коңшу Жаузжан провинциясынын Дарзаб районундагы өкмөттүк кеңселерге “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкерлери кол салып, алардын буктурмасынан өкмөттүк күчтөрдүн дагы төрт өкүлү мерт болду.

Бул тууралуу да жергиликтүү бийликтер кабарлашты.

Жаздын келиши менен Ооганстанда уруштардын ыргагы күчөөдө. Аскерий операцияларын "Талибан" да, өкмөттүк күчтөр да жандантып жатышат.

Ушул аптада АКШ армиясы да Нангархар провинциясында “Ислам мамлекети” тобуна байланышы бар согушкерлерге каршы операция учурунда бир жоокерин жоготконун билдирген.

2015-жылдан бери Ооганстанда коопсуздук үчүн ооган күчтөрү өздөрү жоопкер.

АКШ жана НАТОнун калган өлкөлөрүнүн бул жерде турган аскерлери ооган күчтөрүн машыктыруу, согуштук операциялар учурунда аларга кеңеш, жардам берүү миссиясын аркалайт. (UE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG