Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

Кыргыз драма театрынын мурдагы жетекчилери соттошууда


Кыргыз эл артисти, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын мурунку жетекчиси Марат Алышпаев Кыргыз эл артисти, ушул эле театрды буга чейин жетектеп келген Темирлан Сманбековдун үстүнөн Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына арыз жазды. Бул маалыматты Алышпаев “Азаттыкка” өзү ырастады.

Алышпаев Сманбеков артисттердин эмгек акысын бербей, бир катар демөөрчүлөр менен иштешип акча жасоону көздөгөн, каражат бухгалтерияда кириш-чыгыш болгон эмес деп күнөөлөп жатат. Ошондой эле Темир Сариев премьер-министр болуп турганда берилген 6 млн сомго тендер өткөрбөй унааларды сатып алганы белгиленүүдө.

Темирлан Сманбеков күч органдары бардык фактылар боюнча 1,5 жылдан бери текшерүү жүргүзүп келатканын, ар бир берилген акча максаттуу иштетилгенин “Азаттыкка” билдирди:

- Сот, прокуратура, Эсеп палатасы бар. Алышпаевдин арызынын негизинде 6 млн боюнча 1,5 жыл прокуратурада жүрдүм. Эч нерсе табышкан жок. ТҮРКСОЙ боюнча: бул алардын жеке акчасы, аны биз башка жакка кириштире албайбыз. Бүт бардыгы боюнча текшерип чыксын.

Темирлан Сманбеков март айынын соңунда кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. Театрга жаңы директор болуп дайындалган актер жана режиссер Назым Мендебаиров 11-апрелде расмий ишке киришкен. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG