Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Путин Трамп келгени АКШ-Орусия алакасы начарлады деп эсептейт


Владимир Путин
Владимир Путин

Дональд Трамп президенттикке келгени АКШ-Орусия ортосундагы ишеним деңгээли төмөндөп кетти.

"Ишеним көрсөткүчү жумушчу, өзгөчө аскердик деңгээлде десек болот. Жакшырган жок, тескерисинче начарлады", деди орус президенти Владимир Путин 12-апрелде Кремлдин сайтына жайгаштырылган маегинде.

Анын бул билдирүүсү Москвада АКШ мамкатчысы менен Орусия тышкы иштер министри жолугуп жатканда жасалды.

Путин ошондой эле Сирия президенти Башар Асаддын өкмөтү АКШ химиялык чабуул деп атаган Хан-Шейхундагы окуяга жоопкер эмес деген турумун кайталады.

Ал уулуу газ Сирия өкмөттүк күчтөрү козголоңчулардын химиялык курал өндүргөн имаратына абадан чабуул койгондо чыгып кеткен же АКШ чабуул коюу үчүн атайын чагым кылган деген оюн дагы айтты. АКШ мындай билдирүүлөрдү чындыкка төп келбейт деп четке каккан.

Сириянын Хан-Шейхун шаарына 4-апрелде жасалган чабуулдан 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган. Буга байланыштуу Асад химиялык курал колдонду деп АКШ 7-апрелде анын аба базасына ракеталык чабуул койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG