Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:36

АФК-2017: 18-апрелде "Дордой" менен "Алтын Асыр" Бишкекте беттешет


18-апрелде Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Бишкектин "Дордой" футболдук клубу менен Түркмөнстандын "Алтын Асыр" клубу Азиянын футбол конфедерациясынын кубогунун алкагында беттешет. Тайпалык тандоо этабынын үчүнчү турдагы оюну саат 19:00до башталат.

"Дордой" клубунун маалымат катчысы Тенгелбес Мусаев "Азаттыкка" билдиргендей, оюнга билеттер 15-апрелден тартып сатыла баштайт.

Ушул эле күнү тажик борбору Дүйшөмбү шаарында "Истиклол" менен "Алай" оюнчулары таймашат.

Кыргызстандын "Алай" жана "Дордой" футболдук клубдары Түркмөнстандын "Алтын Асыр", Тажикстандын "Истиклол" клубдары менен бирге АФК-2017 кубогунун тайпалык этабынын оюндарында D тобуна бөлүнүшкөн.

Экинчи турдагы оюндардан кийин "Истиклол" менен "Алтын Асыр" төрттөн упай эсебине жазып алдыңкы катарда келе жатат. Үч упай менен "Дордой" үчүнчү катарда. "Алай" клубунда азырынча упай жок. Биринчи турдагы оюнда "Алай" "Алтын Асырга" 1:2 эсебинде утулган. "Истиклол" "Дордойду" 2:0 эсебинде жеңген. Экинчи турда "Дордой" "Алай" клубун 1:0 эсебинде жеңген. "Алтын Асыр" "Истиклол" таймашы 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.

АФК-2017 кубогунун тайпалык этабынын оюндары 31-майга чейин уланат. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG