Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:49

Назарбаев латын арибине өтүүнү тапшырды


Нурсултан Назарбаев
Нурсултан Назарбаев

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жыл аягына чейин казак алфавитинин латынча бирдиктүү стандартын кабыл алууну тапшырды. Бул тууралуу анын мамлекеттик "Егемен Казахстан" гезитине жарыяланган макаласында камтылат.

Президент анда жаңы алфавитти окумуштуулар коомчулуктун пикирин эске алуу менен иштеп чыгышы керек дейт. Ал ошондой эле 2018-жылдан тарта жаңы алфавитти окутуп үйрөтө турган адистерди даярдоо, латынча окуу китептерин чыгаруу зарылдыгына токтолот.

"2025-жылга чейин документтерди латынчага которуп, мезгилдүү басылмаларды, китептерди латынча басып чыгаруу керек. Бул мөөнөт жакындоодо, убакытты уттурбастан ишке киришүүбүз шарт", дейт макаласында Назарбаев.
Казакстан 1929-жылдан 1940-жылга чейин латын алфавитин колдонгон. Андан кийин кириллицага өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG