Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:38

Тиллерсон: АКШ менен Орусиянын алакасы эң төмөн деңгээлде


Рекс Тиллерсон менен Сергей Лавров.
Рекс Тиллерсон менен Сергей Лавров.

АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон 12-апрелде Москвада Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров менен биргелешкен маалымат жыйынын куруп, эки ядролук державанын мындай мамиледе болгону туура эмес деп айтты. Москва менен Вашингтондун Украина чыгышында тынчтык орнотууда диалогго келиши кыйынга турарын белгиледи:

- Биз орус-америка алакасынын азыркы абалын ачык талкууладык. Мен эки өлкөнүн алакасы, ортодогу ишеним өтө төмөн деген пикиримди айттым.

Тиллерсон тараптар Сирияда биргелешип аракеттенүү жолдору тууралуу макулдашканын билдирди. Ошол эле маалда Вашингтон Москва колдогон Башар Асаддын режими Идлиб провинциясындагы химиялык чабуулга күнөөлүү деген позицияда экенин, Сирия өкмөтүнүн аракети аскердик кылмыш катары караларын белгиледи. Бирок Тиллерсондун айтымында, АКШда бул окуяларга орусиялык аскерлердин катышы бардыгы тууралуу так маалымат жок.

Тиллерсон Асаддын үй-бүлөлүк башкаруусу аягына чыгып жатканына токтолуп, жакын өнөктөшү катары ага муну түшүндүрүүгө Орусияны чакырды. Мурдарак маалымат жыйында орус тышкы иштер министри Сергей Лавров кыйынчылыктарга карабай Орусия менен Американын кызматташтыкта чоң потенциалы бардыгын билдирген.

АКШ мамлекеттик катчысы Москвага 11-апрелде барган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG