Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:26

14-апрелдин аба ырайы


Түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жок. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 1...6, күндүз 14...19;

Таласта түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18;

Баткенде түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 3...8, күндүз 17...22;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13;

Нарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 7...12;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...-5.

Бишкек шаарында түнкүсүн маал-маалы менен жаан жаашы, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын түнкү температурасы 3…5°, күндүз 16…18°.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG