Линктер

ишемби, 29-апрель, 2017 Бишкек убактысы 15:40

Орусиялык миллиардер Алишер Усманов оппозиция лидери Алексей Навальныйга каршы арыз менен сотко кайрылды. Москванын Люблино райондук соту 13-апрелде билдиргендей, Өзбекстанда төрөлгөн миллиардер Усманов Навальныйга "абийир, ар-намысыма шек келтирди" деген доомат койгон.

Март айынын башында Навальныйдын Коррупцияга каршы фонду Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин "жашыруун империясы" деген иликтөөсүн жарыялаган. Премьер-министрдин “жашыруун империясы” - кымбат баалуу мүлкү, жер аянттары, жүзүмзарлары, яхталары жөнүндө көрсөтүлгөн видео тасмада Усманов Медведев менен байланышы бар уюмга баасы беш миллиард рублга жеткен үй жана жер тилкесин кайтарымсыз бергени айтылган.

Усманов бардыгы мыйзам чегинде жүргүзүлгөнүн ырастоодо.

Навальныйдын фондунун иликтөөсү 26-мартта Орусиянын бир нече шаарларында миңдеген адамдардын демонстрацияга чыгышына түрткү болгон.

Баш калаа Москвада өткөн акцияда Навальный уруксатсыз митинг өткөрдү деген айып менен кармалып, 15 күнгө абакка камалган.

Бир нече күн мурда эркиндикке чыккан оппозициянын лидери 12-июнда да массалык акция өткөрүү ниетин билдирген.

Орусиянын президенти Владимир Путин Навальныйды 2018-жылы өтчү президенттик шайлоого өзүн көрсөтүү үчүн митингдерди колдонууда деп сынга алды.

Facebook Forum

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG