Линктер

ишемби, 29-апрель, 2017 Бишкек убактысы 15:59

Орусия бийликтери Бесландагы 2004-жылы уюштурулган терактта курман болгондордун жакындарына болжол менен үч миллион евро төлөп берүүгө тийиш. Мындай чечимин Адам укуктары боюнча Европа соту 13-апрелде жарыялады.

Сот Орусия бийликтерин "террористтер мектепти басып алганда, ал жактагы окуучуларды, мугалимдерди жана башка жарандарды коргой албаган, кан төгүлүүгө жана башаламандыкка жол берген" деп тапкан.

Ингушетия жана Чеченстандан келген куралчан согушкерлер 2004-жылдын 1-сентябрында Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы мектепти ичиндеги 1100дөн ашуун адам менен кошо барымтага алып, Москвадан Чеченстандагы аскерлерди чыгарып кетүүнү талап кылган.

Террордук чабуул жана барымтадагыларды бошотуу учурунда 334 адам өлгөн. Анын 186сы балдар.

Кандуу окуяда жакындарын жоготкондор барымтадагыларды бошотуу операциясы даярдыксыз жүргүзүлгөнүнө, коогалаңды тергөө жетиштүү болбогонуна даттанып Страсбурдагы Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылган.

Facebook Forum

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG