Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:21

АКШ делегациясы НАТОдогу союздаштары менен жолугат


АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Пол Раян.
АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Пол Раян.

АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери, Республикачыл Пол Раян эмдиги аптада НАТО боюнча союздаш мамлекеттердин өкүлдөрү менен жолугуу үчүн Европага атайын делегацияны жетектеп келет.

Раяндын расмий кеңсесинен маалым болгондой, америкалык мыйзам чыгаруучулар Британия, Норвегия, Польша жана Эстониянын өкмөт мүчөлөрү жана аскерий лидерлери менен жолугушуп, "Европа дуушар болуп жаткан коопсуздук коркунучтары жана кеңири экономикалык кызматташуулар тууралуу" сүйлөшөт.

Парламенттин төмөнкү палатасындагы эң таасирдүү адам жана Трамптын жакын санаалашы деп эсептелген Пол Раян жетектеген делегацияга Куралдуу күчтөр комитетинин башчысы Мак Торнберри, төрт республикачыл, эки демократ мыйзам чыгаруучу да кирет.

Европага сапарынын алкагында Пол Раян 19-апрелде Policy Exchange британиялык аналитикалык борбордо сөз сүйлөйт.

Орусия 2014-жылды Украинанын Крым аймагын басып алган соң, НАТО өзүнүн Чыгыш Европадагы мүчө мамлекеттеринде, анын ичинде Польша менен Эстонияда аскерий күчтөрүн көбөйткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG