Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Таласта окуучуну сабады деген мугалимдин иши тергелүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Таласта окуучусун сабады деген мугалимдин иши тергелүүдө. Бүгүн Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, окуя быйыл 16-мартта Талас районунун Козучак айылында болгон, мугалим мас абалында 6-класстын окуучусун бир нече жолу башка урган.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында окуучунун ден соолугуна жеңил залака тийгени аныкталган.

27-мартта райондук прокуратура Кылмыш кодексинин 161-беренесинин негизинде (өспүрүмдү тарбиялоодо милдетти аткарбагандык) кылмыш иш козгогон. Ал облустук милициянын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Кылмышка шектелип жаткан мугалим тараптан бул боюнча азырынча комментарий боло элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG