Линктер

ишемби, 29-апрель, 2017 Бишкек убактысы 16:00

Орусияда кыргызстандык мигранттардын эки жашар наристесинин өлүмү иликтенүүдө. Окуя быйыл февралда Тюменде болгон. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Тюмендеги кыргыз жамаатынын жетекчиси Канзада Сманова билдирди:

- Атасынын аты Самат, апасы Айзат экен. Саматты бул иш такталып бүткөнчө деп эки айга тергөө абагына жапкан. Баланын омурткасынын үч-төрт жери үзүлүп, башына кан куюлуп кеткен экен.

Канзада Сманова бул иш боюнча соттук териштирүүгө котормочу жана күбө катары катышууда.

Алгач окуя болгондо үй-бүлө мүчөлөрү бала керебеттен кулап түштү деп айтышкан. Бирок ал ур-токмокко кабылган болушу ыктымал экени айтылууда.

Наристе дароо доктурга жеткирилген, бирок үч күндөн кийин чарчап калган. (LzT)

Facebook Forum

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG