Линктер

шаршемби, 26-апрель, 2017 Бишкек убактысы 20:26

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, бүгүн, 14-апрелде "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ЕАЭБдин Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны болот.

Анда уюмдун алкагындагы кызматташтык, мындан аркы интеграция маселелери талкууланат. Анда Молдовага ЕАЭБдеги байкоочу макамын берүү маселеси каралат. Жыйынга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Молдованын президенттери катышары күтүлүүдө. Кечээ Бишкекке Армения, Молдова, Беларустун лидерлери, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян келди.

Президент Алмазбек Атамбаев Молдова президенти Игорь Додон жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен жолугушту.

Бүгүн калган лидерлердин келиши күтүлүп жатат. Ушул эле күнү ЖККУга мүчө мамлекет башчылары бейформал жолугушууга чогулуп, аймактык коопсуздукту камсыздоо багытындагы өз ара кызматташтык ортого салынат. Ага Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын лидерлери катышмакчы. Кыргызстан быйыл аталган эки уюмга төрагалык кылууда. (NT)

Facebook Forum

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG