Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:12

«Кыргызстан» фракциясы Ошто чек ара жана таза суу маселесин талкуулайт


Ош шаары
Ош шаары

Бүгүн, 14-февралда Ош шаардык мэриясында аталган фракция көчмө жыйын өткөрөт.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, эл өкүлдөрү Өзбекстан, Тажикстан менен чек ара маселеси, Ош облусунун Араван, Кара-Суу райондорунун коңшу мамлекеттер менен чектеш аймактарын делимитациялоо жана демаркациялоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат алышат.

Жыйында Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райымберди Дүйшөмбиев, өкмөттүн чек араларды делимитациялоо боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү баяндама жасары айтылды.

Кыргызстандын коңшу Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш айрым аймактарында орток тилке толук такталып бүтө элек. Айрым учурларда жер, суу талаштан улам жергиликтүү тургундар ортосунда чыр-чатактар чыгып турат.

Мындан тышкары жыйында Ош шаарында, Араван, Кара-Суу, Ноокат райондорунда “Таза суу” долбоорунун ишке ашуусу жөнүндө маселе да каралат. Буга чейин Ош шаарында таза суу улам өчүп жатат деген нааразылык чыккан. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG