Линктер

ишемби, 29-апрель, 2017 Бишкек убактысы 15:41

Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору, академик Сабырбек Жумабеков интернеттеги алдамчылардын үстүнөн укук коргоо органдарына кайрылды.

Бул тууралуу ал "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, социалдык тармактарда, интернетте медициналык ар кыл майларды, дарыларды анын атынан жарнама кылгандар, саткандар пайда болгон. Аларды табуу өтүнүчү менен Каржы полициясына арыз жазган:

- Акыркы күндөрү Фейсбукта жана Инстаграмда ар кандай крем, майларды же дарыларды менин сүрөтүмдү илип коюп, элди алдап пайда тапкан шылуундар пайда болду. Алар менден маек алган болуп, жалган нерселерди жазып чыгышты. Мен аларга эч кандай маек берген эмесмин.

Сабырбек Жумабеков Кыргызстандагы башкы ортопед. Бир катар өзгөчө оор операцияларды жасаганы белгилүү. 2010-жылы ага АКШнын биографиялык институту медицина илимине кошкон өзгөчө салымы үчүн алтын медаль ыйгарган. (NT)

Facebook Forum

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG