Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:22

Бабанов: Балыкчы-Корумду боюнча тендер өткөргөндөрдү жоопко тартуу керек


Жогорку Кеңештин "Республика - Ата-Журт" фракциясы Балыкчы-Корумду унаа жолунун азыркы абалга кептелишине айыптуу мамлекеттик кызматкерлерди жоопко тартуу керек деп эсептейт. Бүгүн фракция Каракол шаарында көчмө жыйын өткөрүп, Ысык-Көл облусундагы социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады.

Жыйынга өкмөттүн өкүлү Узарбек Жылкыбаев, жергиликтүү кеңеш депутаттары, аткаруу бийлигинин жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Фракциядан кабарлашкандай, лидер Өмүрбек Бабанов бул жолдун курулушу боюнча тендерди өткөргөн адамдар жоопко тартылып, маселе парламенттин жалпы жыйынында талкууланышы зарылдыгын айтып, "премьер-министр гана эмес, башка аткаминерлер да жооп берсин" деген пикирин айтты.

Транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиев бул суроого жооп берип "Маселе чечилди. Бирок азыр ишти аягына чыгарыш үчүн 5,3 млрд сом керек болууда. Өкмөт 1 млрд сом бөлөт деп күтүлүүдө" деп билдирди.

Ысык-Көл боюндагы Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушу 2015-жылы, мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин тушунда башталган. Анын курулушу чыр менен коштолуп, тендерде финансы булактары каралбай калганы айтылган. Азыр курулуш токтоп турат. Каттамдын жалпы узундугу 104 чакырым.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG