Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Пакистанда студент ур-токмоктон каза болду


Пакистандын желеги
Пакистандын желеги

Пакистандын түндүгүндө жаштар тобу жаратканга акаарат келтирди деп чогуу окуган студентти токмоктоп өлтүрүп коюшту. Расмий маалыматка караганда Абдул Вали Хан университетинин студенттери 13-апрелде окуу жайдын имаратында Машал Хан аттуу 23 жаштагы жигитти социалдык тармактарда исламга акаарат келтирген маалыматтарды жайылтат деп союл менен сабашкан. Жергиликтүү полиция кеминде 10 шектүү киши кармалганын билдирди. Пакистанда кудайга акаарат келтирүү кылмыш болуп эсептелет жана айыпталган киши өлүм жазасына өкүм кылынышы мүмкүн. Коопсуздук боюнча иликтөө борборунун маалыматына ылайык, 1990-жылдан тарта өлкөдө жаратканга шек келтирди деп бери дегенде 65 киши өлтүрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG