Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Кытай: Вашингтон менен Пхеньяндын куралдуу тирешинен эч ким утпайт


Кытайдын тышкы иштер министри Ван И АКШ менен Түндүк Корея Пхеньяндын атомдук курал жана ракета программалары боюнча куралдуу жаңжалга чейин жетсе, ал тиреште жеңүүчү болбосун айтты. Кытай эки тараптуу диалогду колдорун билдирди.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын проблемасы менен "алектенүү керектигин" айткан. Акыркы кезде коммунисттик режим ядролук дүрмөттөлгөн ракета сыноого даярданууда деген божомол сөздөр көбөйүүдө.

9-апрелде Трамп Корея жарым аралынын жээгине ракета ташуучу “Карл Винсон” башындагы чабуул коюуга даяр деңиз күчтөрүнүн тобун жөнөткөн.

Чыр-чатакты кайсы тарап күчөтпөсүн, ал үчүн тарыхый жоопкерчиликти сезүүгө тийиш, - деди Кытайдын башкы дипломаты.

Бээжин Пхеньяндын жападан жалгыз маанилүү өнөктөшү. Жарым аралда жаңжал тутанып кетсе, качкындардын капташына жана чек ара аймагында америкалык жана түштүк кореялык аскерлердин ыктымал топтолушуна кабатырланган Кытай да ага кириптер болуп калмакчы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG