Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Кытайда соттолгон эки кыргыз жараны мекенине которулду


Кытай соттолгон эки кыргыз жаранын Кыргызстанга өткөрүп берди. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратурадан кабарлашты. Калган жаза мөөнөтүн бул эки аял Кыргызстандын түрмөлөрүндө өтөйт.

Кытайда түрдүү кылмыштар үчүн ар кандай мөөнөткө кесилген кыргызстандык жарандарды мекенине өткөрүп берүү тууралуу өтүнүч жөнөтүлүп, аны кытай тарап канааттандырган. 13-апрелде алар Кыргызстанга жеткирилди.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын демилгеси менен 2012-жылы Пекин шаарында соттолгон адамдарды өткөрүп берүү тууралуу эки тараптуу келишимге кол коюлган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG