Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Чеченстанда гейлерди куугунтуктоону токтотууга чакырышты


Чеченстандын туусу
Чеченстандын туусу

БУУ жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Орусия бийлигинен Чеченстанда гей деп шектелген эркектерди куугунтуктоону токтотууну талап кылышты. Укук коргоочу эксперттер Москваны зордук-зомбулукту, кумсаларга каршы жек көрүүчүлүктү козутууга жол берилбейт деген чечкиндүү билдирүү жасоого үндөдү.

Эл аралык уюмдар Чеченстанда кумса деген шек менен кармалгандарды кое берүүнү, орус маалымат каражаттарында аларга каршы күч колдонуу тууралуу жарыяланган фактыларды текшерүүнү талап кылышууда. Ал эми Түндүк Кавказдагы жумурияттын бийликтери дооматтарды калп, каралоо деп аташууда.

1-апрелде “Новая газета” Чеченстанда салтуу эмес сексуалдык топко кирет деген шек менен бир топ киши кармалганын, алар кыйноолорго туш болгонун жазган. Редакция каза болгон үч кишинин ысымын билишерин, мындан да көп киши каза тапкан деп айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG