Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Өзбекстан: Акилов тууралуу алдын ала эскертилген


Теракт курмандыктарын эскерүү. Стокгольм. 9-апрель
Теракт курмандыктарын эскерүү. Стокгольм. 9-апрель

Өзбекстан Батыш өлкөлөрүн Стокгольмдогу терактка шектелип жаткан Рахмат Акилов жараткан коркунуч тууралуу алдын ала эскерткен. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 14-апрелде билдирди.

Министр Акилов 2014-жылы Швецияга акча табууга кеткенден кийин аны "Ислам мамлекети" экстремисттик уюму өз катарына тартканын айтты.

"Биздеги маалыматтарга караганда, ал мекендештерин Сирияга барып радикал топтун тарабында согушууга интернетте үгүттөп келген", - деди министр.

Ал эми Өзбекстан коопсуздук органдарындагы атын атабаган булактын айтымында, Акилов 2015-жылы "Ислам мамлекети" уюмуна кошулуу үчүн Сирияга барууга аракеттенген, бирок Түркия менен чек арада кармалып, Швецияга депортацияланган. Ошол эле булак өзбек бийлиги аны диний экстремизмге шектелип эл аралык издөө салынган тизмеге кошконун айтты.

7-апрелде Швеция баш калаасынын борборунда жүк ташыган фургон жөө кишилерди сүзгөндө төрт киши каза тапкан, 15 чактысы жараат алган. Бул кол салуу боюнча эки шектүү адам кармалып, машинаны өзбекстандык Акилов айдап баратканы аныкталган. 11-апрелде ал күнөөсүн моюнга алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG