Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Президент Атамбаев Орусия башчысы Путин менен жолукту


Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-апрелде «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Бишкекке келген Орусия президенти Владимир Путин менен жолукту.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, жолугушууда кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.

ЕАЭБ жыйынында уюм ичиндеги интеграциялык процесстерди тездетүү боюнча маселелер талкууланды.

ЕАЭБге Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия мүчө. Бүгүнкү жыйынга бул мамлекеттердин президенттеринен тышкары Молдованын башчысы Игорь Додон катышты. Молдовага ЕАЭБдеги байкоочу өлкө макамы берилди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG