Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:25

“Ак илбирс”: “Атанын керээзи” мыкты тасма деп табылды


“Атанын керээзи” тасмасы.
“Атанын керээзи” тасмасы.

2016-жылда тартылган тасмалар сынакка коюлган улуттук "Ак илбирс" кинофестивалы жыйынтыкталды. Калыстар тобунун жыйынтыгы менен Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу тарткан “Атанын керээзи” тасмасы алты номинацияда мыкты деп табылды. “Мыкты кино”, “Мыкты режиссер”, “Мыкты сценарий”, “Мыкты монтаж”, “Мыкты сүрөтчү”жана “Мыкты оператор” аталган кинону жараткандарга берилди.

“Мыкты эркектин ролу” номинациясын Имам Мукул "Атанын керээзи" тасмасында жараткан ролу үчүн алса, “Мыкты аялдын ролун” “Мунабия” киносундагы жараткан образы үчүн Мээрим Атантаевага берилди. Ал эми “Көрүүчүлөрдүн сынына толгон тасма” деп Бакыт Осмонкановдун “План Б” тасмасы табылды. “Мыкты композитор” менен “Мыкты үн режиссер” “Мунабия” тасмасына берилсе, “Олжо” фильми “Мыкты кыска метраждуу фильм” сыйлыгын алды.

Даректүү тасмалардын арасынан Алым Ажыматтын "Жашыл жазда кыялдарым" фильми мыкты аталса, "Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн” Хожакули Нарлиев менен (Түркмөнстан), Мар Байжиевге (Кыргызстан) атайын сыйлыктар берилди.

"Борбордук Азиянын мыкты тасмасы" наамы "Энеге карай жол тасмасы" үчүн казакстандык режиссер Акан Сатаевге берилсе, "Борбордук Азиянын мыкты актрисасы" өзбекстандык Ферузе Саидовага, "Борбордук Азиянын мыкты актеру" сыйлыктары тажикстандык Баходур Миралибеков ыйгарылды.

Сынактын уюштуруучулары - Кыргызстандын Кинематографисттер союзу, «Айтыш» коомдук фонду, Кинону өнүктүрүү фонду жана Кинематография департаменти. (КЕ/ZA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG