Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Манасчы Жусуп Мамайдын сыйлыгы балдарына тапшырылды


Сыйлыкты тапшыруу учуру.
Сыйлыкты тапшыруу учуру.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев залкар манасчы Жусуп Мамайдын “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын анын балдары Абдыгазы жана Мукаш Мамайга тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясаты бөлүмүнөн кабарлады. Өлкө башчысы манасчы Жусуп Мамайдын аты Кыргызстан элинин тарыхында алтын тамгалар менен жазылып каларын белгиледи.

2014-жылы май айында “Манас “ эпосун жана эпикалык чыгармаларды, Кыргызстан элининин тарыхый жана маданий мурасын байытып, сактоого кошкон салымы үчүн Жусуп Мамайга “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы берүү боюнча президенттин жарлыгы чыккан. Бирок “Манас” эпосунун 18 томдугун жазган манасчы сыйлык колуна тапшырыла электе көзү өтүп кеткен.

Жусуп Мамай Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялык облусуна караштуу Ат-Жайлоо конушунда 1918-жылы 4-майда туулган. 2014-жылы 1-июнда 96 жаш курагында дүйнө салган. Анын “Манастан” тышкары "Төштүк", "Мамаке Шопок", "Көбөөн", "Толтой", "Ажыбек баатыр" сыяктуу дастандары да басмадан чыккан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG