Хакерлер АКШ Улуттук коопсуздук агенттигинин компьютердик эксперттеринин Жакынкы Чыгыш жана Латын Америкадагы банктардагы SWIFT системасынын бузулушуна катыштыгы бар деп айыптоодо. Өздөрүн The Shadow Brokers (Көмүскөдөгү брокерлер) тобу деп атагандар буга байланыштуу материалдарды жарыялашты. Айрым документтерде АКШ Улуттук коопсуздук агенттигинин мөөрү коюлган. Бирок бул маалыматты тараткан Рейтерс агенттиги хакерлер тараткан маалыматтар түп нускасы экенин тастыктабай турганын билдирген. (КЕ)
Facebook шеринеси