Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Түндүк Корея жаңы баллистикалык ракетасын көрсөттү


Ким Чен Ын (оңдо).
Ким Чен Ын (оңдо).

Түндүк Корея мурдагы президент Ким Ир Сендин 105 жылдыгына арналып өтүп жаткан аскерий парадда алгачкы жолу жаңы үлгүдөгү баллистикалык ракетасын көрсөттү. Бул өлкөнүн райсмий маалымат агенттиги “Трамптын администрациясы жайылтып жаткан аскерий долулук көңүлкош кароого болбой турган коркунучтуу чекке жетти” деп жазган. Ошол эле учурда Вашингтон Түндүк Кореянын кылык-жоругуна карата “стратегиялык чыдам түгөндү” деп билдирген.

АКШ президенти Дональд Трамп Fox Business Network агенттигине берген интервьюсунда Түндүк Кореянын жээгине күчтүү армада жөнөтөрүн айткан. Ал Ким Чен Ындын режими ядролук курал жана ракетаны сынап БУУнун эл аралык санкцияларын бузуп жатат деген.

Мурдарак Кытай бийлиги Корей жарым аралында жаңжал “ар убакта чыгып кетиши ыктымал” деп эскерткен.

Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын бүгүн 105 жылдыгы белгиленип жаткан Ким Ир Сендин небереси.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG