Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:30

Бишкектин тургуну бак-дарактарды өз демилгеси менен актап жатат


Kyrgyzstan. Bishkek. The inhabitant himself paints the wood.
Kyrgyzstan. Bishkek. The inhabitant himself paints the wood.

Бишкек шаарынын тургуну Иличбек Сабиров Жаш Гвардия жана Щербаков көчөсүнүн кесилишиндеги бак-дарактарды өз демилгеси менен актоодо. Ал бул ишти калаа тургундарын тазалыкка үндөө жана жаштарды эмгекчилдикке тартуу максатында жасап жатканын билдирди. Ошондой эле жалпы шаардыктарды айлана чөйрөнү тазалоого, мэрия кызматкерлерине жашылдандыруу иштеринде жардам берүүгө үндөдү.

Устачылык менен алектенген Сабиров 200 даракты актоону пландоодо. Ага көчөдөгү кээ бир шаардыктар жардам берип, 50гө жакын дарактарды актап бүттү. Бүгүн өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Бишкекте жана башка аймактарда ишембилик өтүп жатат.

Жээнбеков баштаган өкмөт өкүлдөрү жана аппарат кызматкерлери бүгүн Чүй облусунун Сокулук районундагы Белек айылында ишембилик өткөрүп, көчөт, ийне жалбырактуу бактарды отургузушту.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана башка депутаттар болсо, Бишкектеги Ботаникалык бактагы ишембиликке катышты. (КЕ/RsK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG