Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:57

Тайыров: Тамак-аш коопсуздугуна 12 млн сомдон ашуун каражат каралууда


Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ири үч долбоорду ишке ашырганы жатат. Алар тамак-аш коопсуздугуна жана жасалма уруктандырууга багытталган долбоорлор. Министрликтин айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси Майрамбек Тайыровдун “Азаттыкка” айтымында, эки долбоорду БУУнун Айыл чарбаны өнүктүрүү эл аралык фонду каржылоодо.

- Тамак-аш коопсуздугу, эл аралык аккредитация, идентификация, өлгөн малдарды утилизациялоо, лабораториянын абалын жакшыртуу жана диагностикага 12 млн доллардан ашуун акча каралып атат. Андан сырткары жасалма жол менен уруктандыруу боюнча 300дөн ашуун пункттар бар. Алардын көйгөйү суюк азот менен камсыз кылуу. Бул долбоордун алкагында өлкө түндүгүндө жана түштүгүндө азот чыгаруу боюнча заводду толук жабдып, азот ташуучу машиналар менен камсыз кылуу каралган.

Долбоордун өзү 55 млн долларга жакын деп бааланган. Анын жарымы гранд, жарымы насыя түрүндө берилгени турат. Финансылык келишим ратификациядан өтсө, Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду менен меморандум түзүлүп, ири долбоорлор сунушталат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG