Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Ош, Жалал-Абад жана Чүйдө жер көчкү активдешти


Кыргызстандын Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жер көчкү активдешти. Тогуз-Торо, Токтогул, Сузак, Жайыл, Өзгөн райондорунда жолдорго, дарыяларга көчкү түшүп, айрым аймактарда жер кыртышынын жылуусу уланууда. Өзгөндүн Кысык-Алма айылында беш турак жайды топурак басып калды. Адам өмүрүнө зыян келген жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык болгон аймактарда адистер иштеп жатышат. Айрым жерлер кооптуу болгондуктан, тазалоо иштери баштала элек.

Өлкө аймагында 21-апрелге чейин жаан-чачын болуп, көчкү коркунучу жогору экени эскертилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу автожолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сактоону, зарыл болбосо жолго чыкпай турууну сунушташат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG