Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Гезиттер: нарк-насилин жоготкон эл ыдырайт


Бүгүн "Азия ньюс" жана "ПолитКлиника" гезиттери жарык көрдү.

"Азия ньюс" гезити окумуштуу, педагог Ишенгүл Болжурованын "Биздеги диний агымдар Ливан коркунучуна жетелеп баратат" деген маегин басты. Билим алуу маселесин сөз кылган профессор 2000-жылга чейин америкалык жаштар математикадан, тилден өтө артта калганын көрсөтүп келгенин, анан өлкө президентинин талабы менен Америкадагы атактуу адамдарды, Нобель сыйлыгынын лауреаттарын, экономисттер менен философторду, педагогдор менен психологдорду жыйнап алып жаңы билим берүү системасын түзүп чыгышканын,ошондо америкалык акылдуу адамдар, биз бүгүн "эскирди" деп чанып жаткан Совет системасынын фундаменталдык билим берүү эрежелерин алышканын мисалга тартты.

Кыргыз балдары тууралуу Ишенгүл Болжурова биздин балдар өтө жөндөмдүү болушарын, эми эң башкы маселе ушундай жөндөмдүү балдардын талантын өчүрбөй сактап калуу баарыбыздын милдетибиз экенин, өзү буга чейин Финляндия, Жапония, Израил, Германия, Америкада болуп, бул өлкөлөрдүн билим берүү системасы менен таанышканын, маселен Финляндияда эң актуалдуу, эң кадыр-барктуу кесип - мугалимдик кесип экендигин айтты.

Ал андан ары Чыгышта ХХ кылымдын 60-70-жылдары маданияты да, экономикасы да өтө өнүккөн өлкө Ливан болсо бүгүн бул өлкө артта калган өлкөлөрдүн катарына барып киргенин, себеби элинен ынтымак кетип, бөлүнүп-жарылып, бири-бири менен каршылашып олтуруп, аягында мамлекетин жокко чыгарганын, дал ушундай коркунуч бизде да барын, деги эле бардык жамандык менен жакшылыктын башаты билимден башталарын, бүгүн Нарын, Талас, Баткен, Ош университетин бүтүргөндөрдүн көз карашы такыр башка, Кыргыз-орус славян университетин бүтүргөндөрдүн көз карашы такыр башка экенин, ал эми Америка университетин бүтүргөндөр өздөрүн "элитный" балдар катары карашарын, булар менен катар эле жалаң диний багытты көздөгөн жаштардын өзүнчө чоң катмары пайда болгонун, мындай башаламандыктын акыры аябай опурталдуу болорун, биз деген жалпы бир багытты көздөө ордуна "паралеллдүү мамлекет" болуп калганыбызды, дин эркиндиги боюнча мамилени өзгөртүү керектигин, алакандай Кыргызстанда жашоосу бир кылымдан ашып кеткен мектептин саны араң 2200 болсо, 25 жылдын ичинде гана мечиттин саны 2700дөн ашканын, кыргыздын Көчмөндөр оюну дүйнөнү чындап эле бир селт эттиргенин, кыргыз аялдарынын кыргыздын самынын жасаганын жапондор көрүп туруп Жапонияга алып кетүүгө кызыкканын, демек кыргызды кылымдап жоготпой, эл кылып сактап келген каада-салтын, нарк-насилин билим берүү системасына кийирүү зарылдыгын бүгүн жарык көргөн "Азия ньюс" гезити аркылуу кенен кеп кылды Ишенгүл Болжурова.

"ПолитКлиника" гезити жаңы санын депутат Акылбек Жапаровдун Жогорку Кеңештин кечээги жыйынында массалык маалымат каражат өкүлдөрү же журналисттер кирешелерин ачыкка чыгаруулары керек деген маселени койгонун маалымдады. Акылбектин ою боюнча: "Журналисттердин укугун чектөө керек, анткени алар рэкет болуп бүттү. 100 доллар сурап келет, кайра 500 доллар сурайт. Бербей койсоң гезиттерине шыбайт. 500 доллар берсең 5 миң доллар сурашат. Буларды тыйбасак болбойт, булардын кирешелерин текшерели" деди деп кабарлаган "ПолитКлиника" гезити, албетте журналисттердин арасында жазганынан акча доолап, арам жол менен акча тапкандар да жок эместигин, бирок Акылбек мырза ошол акча сурап жүргөн журналисттер кимдер экенин ачык айтса болмогун, журналисттердин баары эле акча сурагыч же рэкет эместигин жазды.

Аталган гезиттен ошондой эле "Оппозиция президенттикке бирдиктүү талапкер чыгара алабы?" деген, "Бишкек-Кара-Балта жолу: бир чакырымы 1,5 млн. доллар!" деген макалаларды, саясатчы Эмилбек Каптагаевдин "Референдум сабактарынын" уландысын депутат Кенжебек Бокоевдин "Буудайдан салыкты алып салды, кыйраттыбы? 3-4 "мукамолдун" чөнтөгүн толтуруп берди" деген, депутат Мурадыл Мадемиловдун "Атамбаев жасап жаткан иштерди көрмөксөнгө салган Кудайга деле жакпайт" деген маегин окуйсуздар. Маегинде Мадемилов Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев тууралуу суроого, буларды саясатка буруунун кереги жоктугун, Садыр Жапаров мурда жасаган кылмышы үчүн камалса,Текебаев 2010-жылкы революциядан кийин прокуратура, сот, укук коргоо тармагын реформа жасайбыз деп депутаттардын башында өзү туруп, ошондогу жол-жоболорунун баарын Текебаев өзү иштеп чыкканын, эми ошол көз карандысыз соттор Текебаев кылмыш жасаган деп эки айга камап жатса аны бийликтен көрүү туура эмес экендигин айтты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG