Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:13

Ош, Жалал-Абад облустарында сел менен күрөш уланууда


Ноокен району, 19-апрель.
Ноокен району, 19-апрель.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош жана Жалал-Абад облустарында сел менен күрөштү улантууда. Жалал-Абаддын Ноокен, Сузак, Аксы жана Базар-Коргон райондорунда дарыялардан суу ташып, миңдеген гектар жерлерге, жүздөгөн турак-жайга кооптуу кырдаал жаралды. Жашоочулар убактылуу башка жерлерге көчүп жатышат.

Кара-Үңкүр, Чанген, Көк-Арт дарыяларында суу ташып, айрым тосмолорду жууп кетти. Мындай кырдаал 18-апрелден бери уланууда. Жалал-Абад шаарындагы Спутник кичирайонундагы 110 үйгө да сел коркунучу бар экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ош облусундагы Араван районунда да дарыядан суу ташый баштады. Кара-Суу районунда коктудан суу агып, калктуу конуштарга коркунуч жаратууда. Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунда ушундай абал. Андан тышкары, Майлуу-Суу шаарында жана башка тоолуу аймактарда жер көчкү жүрүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG