Кыргызстандын Таэквандо ассоциациясы таэквондо ITF боюнча 2019-жылдагы Азия чемпиондугун Ысык-Көл жээгинде өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл аралык таэквондо ITF федерациясынын президенти Чой Жун Хва бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди:
- Учурда Азия чемпиондугун өткөрүү үчүн Кыргызстан сунуш берди. Кыргызстанга мен алгачкы жолу келдим. Мелдешти бул жакта өткөрүүгө өз добушумду берем.
Чой Жун Хва таэквондо ITF боюнча 22-23-апрелде Бишкекте өтө турган өлкө чемпиондугуна күбө болорун кошумчалады.
Эл аралык таэквондо ITF федерациясын 1966-жылы Түштүк Кореяда генерал Чхве Хон Хи негиздеген. Ал уюмду көзү өткөнчө 2002-жылга чейин жетектеген. Таэквондо ITF спорттун олимпиадалык эмес түрлөрүнө кирет. (ECh)
Facebook шеринеси