Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:45

Француз бийлиги кечээги кол салуудан кийин коопсуздук чараларын күчөтүүдө


Париж, 20-апрель, 2017-жыл
Париж, 20-апрель, 2017-жыл

Франция бийлиги президенттик шайлоо алдында коопсуздук чараларын күчөтүүдө. Премьер-министр Бернар Казнөв Парижде кечээ болгон кол салуудан кийин кабинеттин чукул жыйынында сүйлөп, демократиялык маанилүү өнөктүккө эч нерсе залкасын тийгизбеши керек деди:

- Өкмөттүн буйругу менен бир нече айдан бери бүтүндөй өлкө аймагындагы жарандарыбыздын сактыгын кошумча коопсуздук күчтөрү кайтарып келатат. Шайлоодогу коопсуздукту камсыздоого алдыдагы күндөрү 50 миңден ашуун полициячы тартылууда. Атайын операциянын алкагында 7 миңдей аскер шайлоо күнү өлкөнүн булуң-бурчуна жайгаштырылмакчы.

Шайлоонун биринчи айлампасы 23-апрелде өтөт. Кечээги кол салуудан кийин бир нече талапкер шайлоо кампаниясын токтотконун жарыялады.

Бейшембинин кечинде баш калаанын борборунда куралчан адам полициячыларга ок ачып, бир тартип коргоочу окко учкан, экөө оор жараат алды. Елисей талаасындагы терактты "Ислам мамлекети" экстремисттик уюму моюнуна алды. Париж шаарынын прокурору полиция атып өлтүргөн адам жалгыз болгонун, бирок ыктымал шериктерин аныктоо иши жүрүп жатканын маалымдады. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Пьер-Анри Бранденин айтымында, ал киши машинасын полициянын автоунаасынын маңдайына токтотуп, ок жаадыра баштаган. Андан кийин жөө качууга аракеттенгенде полициячылардын огунан өлгөн.

Туристтик белгилүү жайлардын бири болгон бульвар курчоого алынып, бир нече убакыт жабык турду. Коопсуздук органдары кол салган адамдын үйүндө тинтүү жүргөнүн, ал экстремисттик көз караштары менен белгилүү болгонун, бирок далилдердин жетишсиздигинен февраль айында кое берилгени маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG