Улуттук коопсуздук комитетинин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, 20-апрелде 1994-жылы туулган С.Т. аттуу Ош облусунун тургуну кармалды.
"Ал 2013-жылы террорчу уюмдардын катарына тартылып, Сирияга жиберилгени аныкталды. Ал жакта согуштук аракеттерге, туткундарды жапырт өлтүрүүгө катышканы белгилүү болду", - деп маалымдайт УКМК.
Былтыр февралда кошумча даярдыктан өткөндөн кийин кармалган адам Жеңиш майрамын белгилөө маалында КМШ аймагында теракт уюштуруу тапшырмасын алган. Азыр ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайында, кылмыш иши козголду.
Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Ирак жана Сириядагы диний радикал согушкерлердин катарына кошулган кыргызстандыктардын саны 500дөн ашуун. (NT)
Facebook шеринеси