Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Террорчулукка шектелген Жалилов орус жарандыгынан ажыратылды


Террорчулукка шектелип жаткан Акбаржон Жалилов орус жарандыгынан ажыратылганы тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги өз сайтына жазды. Маалыматта Жалиловдун атасы Орусиянын жарандыгын алуу үчүн кайрылганда "жалган маалыматтарды" бергени айтылып, бирок ал кандай маалыматтар экени такталган эмес. Кыргызстанда төрөлүп, чоңойгон Акбаржон орус жарандыгын 2009-жылы алган.

Ал 3-апрелде Санкт-Петербургда метро жардырууга шектелүүдө. Ал күнкү жардыруудан 15 адам набыт болуп, элүү чакты киши жаракат алган.

Апрель айынын ортосунда Орусия президенти Владимир Путин терроризм үчүн айыпталгандарды жарандыктан ажыратууну сунуштаган. Путин Башмыйзам буга жол бербесе да, жарандык берүү чечимин жокко чыгарууга болорун бекемдеген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG