Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Өмүрбек Текебаев дагы бир айга камакта калды


Текебаевди колдогон митингден бир көрүнүщ, 29-март, 2017
Текебаевди колдогон митингден бир көрүнүщ, 29-март, 2017

"Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев дагы бир айга абакта калтырылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алганын “Азаттыкка” Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова кабарлады. Буга чейин дал ушундай чечим Текебаев менен бирге айыпталган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөнкул Чотоновго карата чыгарылган эле.

Буга чейин УКМК тергөөчүлөрү эки саясатчыга байланышкан документтерди Биринчи Май райондук сотуна 20-апрелде бергени белгилүү болду.

Атайын кызмат сотко кандай сунуштама жибергени азырынча белгисиз. Айрым маалыматтарда алардын камактагы мөөнөтү узартылары айтылган.

21-апрелде тергөөдө жыйналган материалдардын негизинде Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча акыркы айыбы угузулду.

Текебаев жана Чотонов февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы "Мегаком" ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү бул ишти саясий негиз катары баалап, саясатчыларды камактан бошотууну талап кылып келет.

Сот Текебаевди 25-майга чейин камакта калтырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG