Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

АКШда каза тапкан кыргызстандыктын сөөгү алып келинет


Адылбек Калыбеков (сүрөт социалдык тармактан алынды)
Адылбек Калыбеков (сүрөт социалдык тармактан алынды)

Кыргызстандын АКШдагы элчилиги Нью-Йоркто каза тапкан Адылбек Калыбековдун сөөгүн мекенине жеткирүүгө көмөктөшүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева "Азаттык" радиосуна билдирди:

-20-апрелде Нью-Йорк шаарында биздин мекендешибиз Адылбек Калыбеков каза болгон. АКШдагы элчилигибиздин маалыматы боюнча, маркумдун өлгөндүгү тууралуу корутунду алынып, тиешелүү документтер даярдалган соң, сөөктү мекенине жиберүүгө көмөк көрсөтүшөт.

ТИМдин маалыматы боюнча, кыргызстандык жарандын өлүмүнүн себептери жергиликтүү полиция тарабынан иликтенүүдө.

Айрым маалымат каражаттары жазып чыгышкандай, 33 жаштагы Адылбек Калыбековдун сөөгү Бруклиндеги батиринен табылган.
АКШдагы кыргызстандыктар маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн социалдык тармактарда каражат чогултуп жатканы маалым болду. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG