Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Окуучулардын коопсуздугу


Окуучулардын коопсуздугу
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:49 0:00
Түз линк

Ушул жума ичинде Балыкчы шаарындагы мектепке окуучу алып келген газга бир нече окуучу менен мугалимдер ууланды. Кайыңды шаарчасында мектеп окуучулары мушташты. Буга чейин дээрлик бардык облус аймактарында мектепте окуучулар бири-бирине бычак сайган учурлар болгон. Мындай көрүнүштөр мектепте окуучулардын коопсуздугун кантип сактоо керек деген маселени күн тартибине алып чыкты. Кыргызстанда окуучулардын коопсуздугу кандай мыйзамдар менен корголот? Коопсуздукту сактоого мектептердин чамасы жетеби? Баланын коопсуздугун коргоодо ата-энелердин жоопкерчилиги кандай болуусу керек? “Азаттык” радиосунун “Арай көз чарай” талкуусуна Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башкы тескөөчүсү Марат Сопуев, Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева жана Бишкектин Бакай-Ата конушундагы №85 мектептин социалдык педагогу Шарипа Койлубаева катышты.

XS
SM
MD
LG