Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Машине сүзүп кеткен окуучулардын бири комадан чыга элек


Бишкек
Бишкек

21-апрелде Бишкекте машине коюп кеткен эки окуучунун бирөө өзүнө келе албай жатат. Бул тууралуу "Азаттык" үналгысына Бишкек шаардык балдардын тез жардам ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков билдирди. Анын айтымында, оор абалдагы баланын башына томография жасалды. Анын башында гематома болгондуктан дале комадан чыга элек. Экинчи бала болсо кечээ өзүнө келип, бүгүн өз алдынча тамактана баштады.

21-апрелде №74 мектептин 3-классынын эки окуучусун "Мерседес-бенц" үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен. Алар жөө адамдар өтүүчү тилкеде баратканда кырсыкка кабылган. Балдарды сүзүп кеткен айдоочу токтобой изин жашырып кеткен. Окуя болгон жерден унаанын 08 KG 382 ААF номуру табылып, кийинчерек кылмышка шектүү кармалган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG