Президенттик кызматка 11 талапкер ат салышууда. Ишемби күнү АКШда, Канадада жашаган француздар, өлкөнүн деңизден сырткары аймактарындагы тургундары президенттик шайлоо үчүн добуш берди.
Сурамжылоолордо алдынкы орунда борборчул талапкер Эммануэл Макрон баратат, бирок байкоочулар анын партиясынын жоктугун алсыз тарабы деп белгилешүүдө. Экинчи орунда ультраоңчулдардын лидери Марин Ле Пен келе жатат. Ал евроинтеграцияга, Евробиримдиктин миграция саясатына жана жалпы евровалютага каршы. Ал эми солчул радикалдардын өкүлү Жан-Люк Меланшон болсо эл аралык соода келишимдеринен жана НАТОдон чыгууга үндөп келет. Ал эми дагы бир талапкер Франсуа Фийондун аброю тууганынын мыйзамсыз кызматка коюлушу боюнча чатактан кийин кыйла төмөндөгөн.
Алдын ала божомолдор боюнча, тарыхта алгачкы жолу төрт талапкердин тең 7-майда боло турган экинчи айлампага чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.
Байкоочулар президенттик шайлоонун жыйынтыгы Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү, Евробиримдиктин жана НАТОнун алдыңкы мамлекети, дүйнөлүк экономикадагы бешинчи өлкө - Франция үчүн чоң мааниге ээ болорун белгилешүүдө.
Facebook шеринеси