Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

УКМК: Эл аралык террордук топтун мүчөсү кармалды


Эл аралык террордук топтун мүчөсү деген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.
Мекеменин маалыматына караганда, 8-апрелде Сириядагы согушка жөнөтүү үчүн жарандарды азгыруу каналдарын аныктоо боюнча контртеррордук иш-чаралар алкагында Жалал-Абад облусунда туулган 23 жаштагы жаран колго түшүрүлгөн.

Атайын кызматтын белгилешинче, ал жаран былтыр чет жакта жүргөндө эл аралык террордук топ аны Сирияда согушкерлерди даярдоо лагерине жөнөтүү үчүн азгырып алган.

Кармалган адамга карата тергөө жүрүп жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG