Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

"Бир дүйнө-Кыргызстан" менен УКМК соту кийинки аптага калды


УКМК
УКМК

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Бир дүйнө-Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын арызы боюнча сот УКМК өкүлү келбей калганына байланыштуу өткөн жок. Бул тууралуу аталган уюмдан кабарлашты.

Быйыл 24-январда Улуттук коопсуздук комитети Ошто "хизбутчу" деп кармалган жарандын үйүнөн өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырган дисктер менен катар "Бир дүйнө-Кыргызстандын" "Өз укугуңду коргой бил" деген китепчелери табылганын, "тергөөдөгү адамды кармоо маалында уюмдун өкүлдөрү элди чогултуп, чыр чыгарууга аракет кылганын" маалымдаган пресс-релиз тараткан. УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов "тергөө иштерине тоскоолдук жаратуу" деген негизде кылмыш иш козгоо маселеси каралып жатканын айткан.

13-февралда "Бир дүйнө-Кыргызстан" жогорудагы пресс-релизде келтирилген маалыматтар уюмдун кадыр-баркына шек келтирерин айтып сотко кайрылган.

Кийинки соттук отурум 4-майга белгиленди.

Укук коргоочулар соттук териштирүүнүн создугушу, УКМК өкүлүнүн келбей калышы сотко карата сыйлабастык экенин айтууда, атайын кызмат бул билдирүү боюнча комментарий бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG