Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:25

Пентагондун башчысы Кабулга күтүүсүз барды


АКШнын коргоо министри Жим Маттис.
АКШнын коргоо министри Жим Маттис.

АКШнын коргоо министри Жим Маттис Ооганстанга 24-апрелде күтүүсүз сапар менен барды. Маттис өлкөнүн расмий жетекчилери жана Кабулдагы АКШнын армиясы менен жолугары кабарланган.

Ушул эле күнү Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкөнүн аскерий жетекчилерин кызматтан алган. Ооган президентинин администрациясы бул өткөн аптадагы "Талибан" кыймылынын Мазари Шарифтеги аскерий базага жасаган ири чабуулуна байланыштуу экенин билдирди.

Ооган армиясынын формасын кийген "Талибандын" согушкерлери 21-апрелде базага кирип барып жума намаздан кайтып келаткан аскерлерге ок жаадырышкан. Чабуулда набыт кеткендердин так саны ушул күнгө чейин белгисиз. Расмий органдар 130дай киши мерт кетти десе, Коргоо министрлиги 100дөй киши өлтүрүлгөнүн билдирди.

Ушул тапта АКШ президенти Доналд Трамптын администрациясы Ооганстан боюнча өз стратегиясын иштеп жатат. Бул тууралуу өткөн аптада Кабулга келгенде Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG