Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

«Ата-Мекендин» арызы шаардык сотто каралат


«Ата Мекен» партиясынын президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу арызы боюнча кассациялык даттануусу Бишкек шаардык сотунда каралат. Бул тууралуу бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.

Иш райондук сотто бүгүн каралмак, бирок “Ата Мекен” райсоттун 27-марттагы аныктамасына карата кассациялык даттануу берген. Ал аныктама менен Улуттук илимдер академиясы соттук-лингвистикалык экспертиза жүргүзмөк. Мындай экспертиза жүргүзүү үчүн академияда филолог эксперт жок экени 12-апрелде белгилүү болгон.

Партиянын юристи Канатбек Азиздин “Азаттыкка” билдирүүсүндө, өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 6-мартта “Ала-Арча” резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде "айрым сасык партиялар", "мародер" деген сөздөрдү колдонгон. "Ата Мекен" партиясы муну өз дарегине айтылды деп билдирип, сотко кайрылган.

Ал эми президенттин соттогу өкүлү Айжан Кадырова Атамбаевдин ал сөзүндө “Ата Мекен” тууралуу айтылбаганын жүйө келтирүүдө.

- 6-мартта президенттин элдин алдында келтирген сөзүндө “Ата Мекен” партиясы же Текебаев Өмүрбек Чиркешович деп бир да аттары аталган эмес. Ошондуктан доо арызды четке каксын деген каршы пикир менен сотко кайрылгам, - деди Кадырова. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG