Даниянын коргоо министри Клаус Хьорд Фредериксен орусиялык хакерлерди айыптаган киберчабуул боюнча баяндама чыккандан кийин Москванын "агрессивдүү" аракеттерин сынга алды.
23-апрелде Даниянын киберкоопсуздук кызматы жарыялаган баяндамасында кремлчил хакерлерди өлкөнүн Коргоо министрлигинин электрондук почталарын 2015-2016-жылдары бузуп киришкени жазылган.
"Чабуул жасалган каттарда эч кандай аскерий сырлар болгон эмес, бирок баары бир бул биздин өлкөнүн коопсуздугуна каршы жасалган олуттуу иш", - деген Фредериксен, чабуулга Орусиянын чалгын кызматтары же орус өкмөтүнүн борбордук бөлүмдөрүнүн катыштыгы бар болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.
Баяндамада хакердик топтун аты APT28 деп жазылган. Алар буга чейин Pawn Storm, Sofacy жана Fancy Bear деген ысымдар менен белгилүү эле.
Баяндама бир нече Батыш мамлекеттери, анын ичинде АКШ, Франция, Британия Орусияны башка мамлекеттердин шайлоо процесстерине кийлигишүү үчүн киберчабуулдарды колдонгонун айыптап жаткан маалга тушташ жарык көрдү. Москва бул дооматтарды четке кагууда.
Батыштын маалымат каражаттары Даниянын айыптоолору боюнча Орусиянын бийлигинен комментарий алуу мүмкүн болбой жатканын жазышты.
Facebook шеринеси