Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Армян кыргынынын 102 жылдыгы белгиленүүдө


Кыргынга кабылгандардын урматына түбөлүк от. Цицернакаберд, Армения
Кыргынга кабылгандардын урматына түбөлүк от. Цицернакаберд, Армения

24-апрелде Арменияда 102 жыл мурда Осмон султандыгы маалындагы коогалаңда кыргында курман болгондорду эскеришти.

Баш калаа Ереванда жүз миңдеген адам Цицернакаберд тоосунун чокусунда жайгашкан мемориалга көтөрүлүшүп, комплекстин ортосундагы кыргынга кабылгандардын урматына түбөлүк отко гүл чамбарларын коюшту.

Мамлекет башчысы Серж Саргсян сөз сүйлөп, бул иш-чараны "тарыхты унутпай, келечекке ишенимдүү карагын улуттун жүрүшү" катары баалады.

23-апрелдин кечинде "Дашнакцутюн" улутчулдардын партиясы элдин көзүнчө түрктөрдүн байрагын өрттөп, колдоруна шамала кармап Еревандын көчөлөрүн кыдырышты.

Армяндардын эсебинде, 1915-жылкы апаатта 1,5 миллион чакты армян кырылган. Түркия капсалаңда өлгөн армяндардын саны жөнүндө маалымат негизсиз, алар ич ара согуштун курмандыгы болгон деп санайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG