Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Дүйнөдө Холокост курмандыктарын эскеришүүдө


Израилдеги "Яд-вашем" мемориалы.
Израилдеги "Яд-вашем" мемориалы.

Израил жана Дүйнөнүн башка мамлекттеринде Холокосттун курмандыктарын эскеришүүдө. Дал ушул күнү 1943-жылы Польшадагы Варшава геттосундагы жөөттөр нацисттерге каршы көтөрүлүшкө чыгышкан.

24-апрелде Израилде эки мүнөт бою сирена жаңырып, бардык кыймылдар токтотулду. Дүйшөмбү кечинде Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэль "Яд-Вашем" мемориалына гүл чамбар койду.

Ушул эле күнү Польшада "Жашоо маршы" деген жүрүш өтүп, анын катышуучулары мурдагы концлагерлер "Освенцимден" "Биркенауга" чейин басып барышты.

21-апрелден тарта Лондондогу Винер китепканасы Холокост тууралуу маалыматтар чогултулган дүйнөдүгү эң чоң архивдердин бирин жалпы коомчулукка жеткиликтүү кылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG