Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:51

Могерини Орусияга каршы санкциялар алынбастагын айтты


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Евробиримдик Орусия менен мамилелерди жакшыртууну каалайт. Ошол эле учурда Москванын Крым жарым аралын аннексиялап алышын көз жаздымда калтырбайт жана санкциялар кала берет. Бул тууралуу шаркеттин тышкы саясатын жетектеген Федерика Могерини Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда билдирди.

Москвага алгачкы расмий сапар жасаган Могерини бир катар пикир келишпестиктерге карабай, Орусия менен Евробиримдик маанилүү өнөктөштөр бойдон кала берүүдө деди.

Тараптардын алдында террорчулукка каршы күрөш, Сирия жана Ливиядагы кырдаалды жөнгө салуу өңдүү маселелер турганын белгилеген Могерини Брюссель ошол эле маалда Крым жарым аралындагы кырдаалга тынчсызданарын айтты.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва да биримдик менен алакалардын жакшырышына умтуларын айтты. Министр ошондой эле биримдик коопсуздук жаатындагы ойлоп тапкан эмес, реалдуу коркунучтарга көңүл бурууга тийиш деди.

Буга чейин бир катар европалык саясатчылар жана коомдук ишмерлер ачык катында Могерини Орусиянын маалымат коркунучун жакшы баамдай албайт, туруштук берүү үчүн жетиштүү чара көрбөйт деп сындашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG